Тасма айылына 2012 -жылы JICA эл аралык кызматташуунун япон агенттиги тарабынан ыктыярчы болуп япон кызы Май Сасакий келген. Ал эки жылдык келишим менен аталган айылдагы самын жасоочу жамаатта иштеп кеткен, сегиз айдан кийин Кыргызстанды сагынып кайра эс алганы келип отурат. Ал Кыргызыстандын жаратылышын, элдеринин ынтымактуулугуна баа берет.
«Эки жыл бою мен ыктыярчы болуп, Кыргызстандын элине жардам бердим. андан тышкары мен Кыргызстандын маданиятын жана жашоосун үйрөнөйүн деп келдим. Бул жерде жашоо таптакыр башкача экен, Японияда адамдар шашып жүрүшөт Кыргызстанда болсо айылдыктардын баары жер иштетишет, картошка, буудай өстүрүп балдарын багышат өздөрү үй да салып алышат биз андай жасай албайбыз», дейт Май Сасакий.
Эмне себептен келишим аяктагандан кийин кайра келгиниз келди?
— Мен кыргыздын тамагын, досторумду, таанышкан адамдарды, тоолорду, Кыргызстандын жаратылышын сагынып келдим. Анткени Японида мындай жаратылыш жок.
Сизге Кыргызстандын эмнеси жагат?
Мага Кыргызстандын адамдары жагат. Тамактары да абдан табийгый таза, даамдуу . Анан жаратылышы, тоолору, малдары абдан жагат да
Кыргызстандын эмнесине тан каласыз?
Японияга караганда Кыргызстандын үй-бүлө мүчөлөрү көп, ынтымактуу жана бири-бирине карамдуу болушат. Бизде жалгыз жашагандар көп. Кыргызстанда үй-бүлө деген чогуу жашашы керек деген принципте жашашат, ар дайым бири бириникине конокко барып турушат. Бул нерсе эң жакшы деп эсептейм. Кыргызстандан кеткенден кийин көп балалуу болуп үй-бүлөм менен жашагым келди.
Япон кызынын эмгекчилдиги тууралуу Кыргызстандагы үй-бүлөсү төмөндөгулөргө токтолду:
«Май Сасакий биз менен келишимдин негизинде эки жыл бою биздин үй-бүлөдө жашады. Өз кызыбыздай көрүп абдан көнүшүп калганбыз. Кыргыздын салтын, үрп-адатын, жашоо турмушун ал тургай кыргыз тилин да таза сүйлөп үйрөнүп калган. Япон маданияты менен бизди тааныштырды. Ар бир жасаган иштер кылдат, талыкпай эмгек кылып таза, тыкан кыз болчу. Эки жылдык келишим бүтүп, ал өз өлкөсунө кеткен. Сегиз ай өткөндөн кийин Кыргызстанды сагындым деп бир жумага эс алганы келди. Японияда жүргөндө да ар дайым чалып биз менен сүйлөшүп турат, дайыма кат жазат», -деди Анаркул Эсенбаева.
Жогорудагыдай Япон Кыргыз элинин кызматташтыгы, ынтымагы улана берсин.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.