Ысык-Көл облусунун Тасма айылынын А. Сопиев атындагы №19 мектебинин китепканасында кыргыз тил, адабият жана балдарга арналган жомок китептер, адабий китептер, кыргыз тилчи мугалимдерге усулдук китепчелер жокко эсе. Аталган мектептин китепканасындагы китептердин басымдуу бөлүгү совет мезгилиндеги орус жазуучуларынын китептери.
Бул мектептин китепканачысы Жамийла Ашырбаева китепкана китепке, өзгөчө кыргыз тилдүү жана адабий китептерге жарды экенин белгиледи.
«Биздин мектепте кыргыз тил жана адабият, мугалимдер үчүн усулдук китептер жетишсиз, жок десек да болот. Китепканада көпчүлүк бөлүгү илгерки союз учурундагы китептер алып келинген андан бери фондго китеп түшө элек. Биз китептердин фондун адабий китептерге толтуруш үчүн демөөрчүлөрдү табышыбыз керек»,- деп билдирди Жамийла Ашырбаева.
Бул мектептин кыргыз тил адабият мугалими Айымбүбү Бегимбаева окуучулардын адабий китептерге болгон суроо талаптары күчтүү, бирок окуучуларды канаатандырарлык китептер жок экенин билдирди.
«Азыркы учурда китепканада көркөм адабий китептер, кыргыз тилинин сөздүктөрү, кыргыз акын жазуучуларынын чыгармалары болушу керек эле, алар жок болуп жатат. Аябай эле биздин китепкана китепке жарды»- деп белгилейт Айымбүбү Бегимбаева.
Кыргыз тилин өркүндөтүүдө китептердин орду чоң экени талашсыз «Ааламга кетчү жол, айылдан башталат» дегендей өзүбүздүн китепканада жетиштүү деңгээлде адабий китептер болсо, окуучуларга жакшы болмок.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.