Айыл жергесинде айымдардын ишкердик кылуусу жылдан- жылга арбып баратат. Алар ар кыл тармакта, тигүүчүлүктө, соода иштеринде жана тейлөө кызматтарында иш алып барышууда. Алардын бири ресторан бизнеси менен алектенген 40 жаштагы Асел Нуракова. Каарманбыз Ак-Талаа районундагы эң чоң “Карабагыш ата” тойканасын иштетет.
«Ишкерликке келүүгө кызыгуум, каалоом бар эле. Албетте ар бир ишти баштоодо кыйынчылыктар болот. Менде да болду. Кайсы тармак боюнча иш баштасаң, кыйынчылыктар болбосун сүйгөн ишин болсо кыйынчылыктарды жеңип чыгасын. Бирок ар бир кыйынчылыктын артында жакшы нерсе болот. Айылда деле ийгилик жаратса болот. Ар бир аял уникалдуу, талантуу. Аялдын колунан келбей турган иш жок. Болгону колдоо керек. Менин үй-бүлөм, жолдошум дайыма колдоо көрсөтүп турган үчүн ийгиликтер жаралып жатат деп ойлойм».
Ишкерликте оңой эч нерсе жок жана ал аял эркек деп тандабайт. Демек ишкерлик кылуучу адам жөндөмдүү, жоопкерчиликтүү гана болбостон сабырдуу да болушу зарыл.
«Ресторан бизнеси негизи оор эле. Анткени, кандай жакшылык болбосун, канча киши келбесин ошончо кишинин маанайы, аларды ойдогудай сапаттуу тейлөө, официанттардын маилеси, тамак-аштын даярдалышы, салтанат өтүүчү залдын жасалгасы, айтор, баарына көзөмөл жасоо кыйын эле. Аябай тынчсызданам. Коноктор урушуп кетпесе экен, тынч өтсө экен тейлөө жакшы болсо экен деп. Ишкерлик сабыр анан чыдамкайлыкты талап кылат».
Ишкерлик менен алектенген айымдар үй-бүлөдө дагы кадимкидей камкор эне. Асель айым кечке иште болорунжана чарчаганым балдарын көргөндө эстен чыгып кетерин баяндады:
«Үй-бүлө менен ишкерликти алып кетүү үчүн, үй-бүлөдө бири-бирин түшүнүшүү керек. Дайыма иштемин. Бирок кандай болбосун үйгө келгенде балдарымды көрүп, чарчаганымды унутам. Аял затына үйдө да, иште да көбүрөөк түйшүк болот эмеспи. Баарына жетишкенге ар дайым аракет кылам».
Коомдо жарандар кандай болбосун жаңы нерсени издешет. Мисалы жаңы модадагы кийим, жаңы чач жасалгасы ж.б. Ишкерликте, анын ичинде тейлөө кызматы да жаңычылдыкты, изденүүчүлүктү талап кылат.
«Адамдын баарына жагыш мүмкүн эмес. Ошол себептүү борборубузга барган сайын ресторандарга кирип, тамактарын, салаттарын жеп, байкап көрөм. Тамак тизмегине жаңы тамактарды киргизүү үчүн дайыма изденип турам».
Ишкерлик баштоо үчүн чынында эрк керек. Бирок Асель айым адам өзүнө ишениш керек деген ойдо.
«Аялдар өзүнө ишениш керек. Өзү менен өзү иштеш керек. Жалкоолукту таштап, алмаш быш, оозума түш деп отура бербей аракеттениши керек. Жасай турчу жумушуңду сүйүп, жакшы көрүп жасашың керек».
Базар шартында кимдин колунан эмне келсе, ошол ишти жасайт. Андыктан, бизнесте эркек-аял деп бөлүү туура эмес. Демек, ар бир адам жалкоолонбой жакшы иштесең анда ишкерликте ийгиликке жетүүсү мүмкүн.
Пандемияда ыктыярчынын аракети
Барчын Мамытбекова