Залкар акын, «Кудайга мин мертебе калп айтса да, ырына бир мертебе калп айталбаган» Алыкул Осмонов. Быйыл талантуу бул акыныбыздын 100 жылдыгы анын бул маарекесине жер-жерлерде, мектептерде ар кандай кечелер, эскерүүлөр болуп жатат.
Тасма айылындагы А. Сопиев мектебинин 8-классынын окуучулары «Алыкулга гүл десте» аттуу поэзия кечесин өткөзүштү. Бул кечеде окуучулар акынга арналган ырларын жана өзүнүн калемине таандык чыгармаларды аткарышты.
Аталган мектептин мугалими Докдуркан Жанабулова бүгүнкү кече окуучуларга өтө таасирдүү болгонун жана поэзия кечесинин жүрүшү жөнүндө кененирээк баяндап берди.
«Бүгүн биз заманыбыздын залкар акыны Кыргзстандын комсомолунун биринчи өкүлү Алыкул Осмоновдун позиялык кечесин өткөрдүк. Акындын ата журтка болгон сүйүүсүн баалай билүүсү жөнүндөгү ырлардан дагы айтып беришти. Биз, акын оорусуна байланыштуу жалгыз басып, жалгыз жүргөндү абдан жакшы көрчү экенин, ал басып жүргөндө Ысык- көлдү жээктеп көлдүн сулуулугуна суктанып, сырдашып соонун чыгармаларды жараткандыгы тууралуу айтып бердик. Андан сырткары баарыбызга белгилүү болгондой эле көлдүн жээгинен жаралган «Женишбек» поэмасын да айтып өттүк. Мен бүгүнкү кече балдардын жүрөгүндө калды деп ойлойм, окуучулар ар бир чыгарманы айтып жатканда Көздөрүнөн билип жаттым айтып жатканда кандайдыр бир сезим менен айтып жатышты. Негизи эле акындын патриоттуулугун мен балдарга тарбия катары белгилейм», — деп билдирди Жанабулова.
Бүгүнкү кеченин катышуучусу Адинай Асанакунова акындын ырлары көңүлүнө өтө жагаарын белгиледи.
«Мага бул акындын ырлары өтө жагат. Мен ар дайым ырларын жаттап чыгармаларын окуп турам. Осмоновдун чыгармалары өзгөчө», — деп белгилеп өттү ал.
А.Осмонов «Аз жашаса да, саз жашаган.» Ал чалдыккан оорусунун азабынан болгону 35 жыл гана жашады бирок ушул кыска аралыкта ал эмне деген өлбөс, өчпөс чыгармаларды жаратып кеткен. Акынды эч ким унутпайт.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Чынтурсун Турдуматов