Нарын шаарында Коомдук телерадио корпорациясынын Манас таануу сынагы болуп өттү. Аталган сынакка жалпы 8 топ катышып 1-2-орунду алган топтор республикалык таймашка жолдомо алышты. Алардын бири: Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин «Улуу баян» тобу болду.
«Улуу баян» тобунун даярдаган мугалими Гүлмира Жумагулова:»Облустка катышаардан мурун өрөөндүк, райондук турунан өттүк. Облусттук сынак мыкты деңгээлде болду. Биздин максат байге утуу эмес, биз «Манас» эпосун жакшы окусак даңктай алсак максатыбызга жеткен болобуз»,-дейт.
Ал эми аталган топтун мүчөсү Өмүрзак Садыбакасов мындай дейт:»Мен Манас таануу сынагына 2 жылдан бери катышып келе жатам. Бул аралыкта жакшылыкка, айкөлдүккө үйрөндүм. Ушул ийгиликке жеткизген эжебизге жалпы окуучулардын атынан ыраазычылык билдиребиз!!!».
Бул жеңиш мектеп үчүн чоң жетишкендик болду. Мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Нагима Абдыласова:» Улуу баян тобуна 9-класстын окуучулары катышып, күн-түн дебей даярданышты. Республикалык сынакта Манас атанын арбагы колдоп, облусттун атын татыктуу коргой алат деп ишенем»,-деп баса белгилеп өттү.
Республикага жолдомо алган окуучуларга ийгилик каалап, көптөгөн жетишкендиктерди багынтуусуна тилектешпиз.
Авторлору: Найзабек Мукамбет уулу, Элина Асанакунова, Нурсултан Асанбеков.