Бул жылы “Кыргызстандагы медианын өнүгүүсү: кечээ, бүгүн жана эртең” деген теманын алкагында бир канча панелдик талкуулар өткөрүлдү.
«Ийгиликке кадам» медиафорумунун алкагында Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жетекчиси Назира Жусупова «Жамааттык медиалардын ролу жана өнүгүүсү: жетишкендиктер жана тобокелчиликтер» темасын талкуулады.

Назира Жусупова
«Ийгиликке кадам» медиафоруму – Кыргызстандагы журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” коомдук бирикмесине таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу дубандардын биринде өткөрүлүп турат.


I Медиафорум 2019-жылы, Ош шаарында, II медиафорум Нарын шаарында болуп өткөн. Анда бир катар ийгиликтүү медиалар өз тажрыйбалары менен бөлүшкөн.


Медиафорумдун өнөктөштөрү:
Өнөктөштөр:
— IFEX
— Маданият, маалымат, туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлиги
— Интерньюс
— УТРК Баткен
— БатМУ
-Марал радиосу
-Супер.кж