Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык салтанатта райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон бир катар жарандар менен бирге уландар арасында эркин күрөш боюнча Азиянын үч жолку жана Дүйнө чемпиону Асан уулу Өмүрбекке Ак-Талаа районунун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.
Наамды район жетекчиси Жумадилла Жапаров тапшырып, балбанды тарбиялап чонойткон ата-энесине, машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди жана 30миң сомдук сертификатын ыйгарды.
Ошондой эле СССРДин спорт чебери Мелис Сулаймановдун үй-бүлөсүнүн атынан 200 доллар, мекеме жетекчилеринин атынан акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми Абдымалик Карачовго ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.
Чемпиондун алгачкы машыктыруучусу Алмаз Кайыповго райондук мамлекеттик администрациянын акчалай сыйлыгынын сертификаты, Ардак грамотасы жана Мелис Сулаймановдун үй-бүлөсүнүн атынан 100 доллар берилди.
Балбандарга жана машыктыруучусуна ак калпак кийгизилип, аксакалдар бата берди.
Эске салсак, Асан уулу Өмүрбек жакында Иорданияда өткөн уландар арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңип алган.
Барчын Мамытбекова