30-августта Токтогул районунун Терек-Суу айылында Каныбек уулу Нурбек атындагы эс алуу жайынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев жана мекеме кызматкерлери, айыл аксакалдары, ак элечек апалар, айыл тургундары катышты.
“Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата, кош майрамдын негизинде Терек-Суу айылында жаңы эс алуу жайынын ачылыш аземи болуп жатат. Бул паркты мурунку айыл өкмөтүбүз Айдар Алишеров баштап, бүгүнкү күнү айыл өкмөт кызматкерлери жана Таза аймак ишканасынын жамааты менен биргеликте эс алуучу жайды бүтүп алдык. Бул эс алуучу жайдын аянты 75 сотыхтан турат, дем берүүчү гранттан 2 млн 9 миң сом акча каражаты жумшалды. Ал эми Токтогул райондук өнуктүрүү фонду тарабынан 1млн 475 миң сом жана ошондой эле Аймактык Ден соолукту чыңдоо уюму тарабынан 575 миң сом акча каралып, машыгуу шаймандары алынган. Жалпы жонунан эс алуу жайы 4млн 60 миң сом менен курулуп бүттү. Эс алуу жайына 17 даана отургуч, 32 даана шам чырак, 110 түп туя, 100 түп карагай жана 175 метр аралыгы тосулуп, жалпы жонунан 975 метр чарчы брусчатка төшөлдү”, — деп билдирди өз сөзүндө Кетмен-Төбө айыл аймагынын башчысы Болот Багымбаев.
Токтогул районунун башчысы-аким Акылбек Тюкебаев жалпы айыл тургундарын кош майрам менен куттуктап, эс алуу жайын салууга көмөктөшкөн кызматкерлерди ардак громаталар менен сыйлап, айыл өкмөт башчылары Айдар Алишеров жана Болот Багымбаевге ыраазычылык каттарды тапшырды. Ошону менен бирге иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Аделя Бакытбекова, Арууке Эсенбекова