7-апрель күнү Сүлүктү шаарынын борбордук аянтында Элдик революцияга карата уюштурулган митинг болду. Митингде Сүлүктү шаарынын мэри А. Ибрагимов, Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Сапаркуловдор сөз сүйлөштү. Шаардын башкы имам хатиби М. Жолдошев апрель революциясында курман болгондорго арнап куран окуду. Митингге шаардын мекеме ишканаларынын жетекчилери, депутаттар жана Сүлүктү Гуманитардык экономикалык институтунун студенттери катышты. Бул иш-чарага байланыштуу 7- апрель күнү Бишкекте жаракат алган Тагаев Мирландын энесине шаардын мэри А. Ибрагимов акчалай жардам берди.
Кабарчы: Гүлмира Садридин кызы