Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Арбын айылынын Арбын орто мектебинин 10-классынын окуучусу Расулбек кызы Жанаргүл физика сабагынан республикалык олимпиадага катышып, жемиштүү кайтып келди. «Бишкекте өткөн олимпиaда эки күнгө созулуп, биринчи күнү теориясы, экинчи күнү практикасы болду. Теорияда үч тапшырма берилсе, практикада эки тапшырма берилди, биринчи тапшырмада зымдарды удаалаш жана жарыш туташтырып, лампочканы күйгүзүп, анда канча ток бар экендигин аныктоо болду. Тапшырмалар кыйын болду десем болот. Эми менин айтаарым, окуу, окуу ошондой эле кызыгуу, өзүбүз аракет кылсак эле баарына жетишсек болот», — деди Расулбек кызы Жанаргүл.
Бишкекте болгон олимпиaда 26- 27—мартта болуп Расулбек кызы Жанаргүл физика предмети боюнча Ош облусунун намысын коргоп 4-орунду багындырып келди.
«Менин уттурганым бир гана убакыт болду. Ушул күндөрү үйгө саат 6 га чейин даярданып жаткан күндөр да болду. Бизди эми жол кирени өзүбүздүн айыл өкмөт төлөп берсе ал эми тамак аш, жатакананы мамлекет төлөп берди. Мен 2007-жылдан 2012-жылга чейинки өткөрүлгөн олимпиадалык мисалдарды топтодум, анан ошол мисалдарга карап даярдандык»—деди Арбын орто мектебинин физика мугалими Апсатарова Чынар.
Даярдаган: Баяман Тойчубай уулу