Кошкеев Авазбек Токтогул районунун Кызыл-Туу айылынын ардактуу тургуну. Анткени ал 60 жаштан ашып калса дагы элге өз кызматын көрсөтүп келет. Күн карамадан алынчу май чыгаруучу аппаратты жасап май чыгарат, андан тышкары чакан тегирменди иштетет, ошондой эле айылдыктардын муздаткыч, автоунаа ж.б. техникалардын түрлөрүн оңдойт.
Кошкеев Авазбек менен маектешүүгө барганыбызда ал жумуш учурунда болуп, суроолорубузга анын байбичеси Нурила апа жооп берди.
Абышкам 1949-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. Эмгек жолу башталгандан эле элине, жерине керектүү күн карамадан май чыгарган жана жыгач тиле турган техниканы ойлоп чыгарган. Токтогул районунун нан чыгарган заводунда эмгек сиңирген жана көп жылдар бою май заводунда иштеген. Абышкам Кызыл –Туу айылына жана Токтогул районуна жакшы кадыр баркка ээ, эмгеги менен үй-бүлөбүздү багып, айылыбыздын керегине жарап келе жатат. 1998-1997-жылдан баштап элибизге керектелүүчү май чыгаруучу техникасын жасап чыгарган. 100 кг күн карамадан 50 л май алынчу. Жаңы иштетилип жатканда күн карама көп айдалып Орусиядан эн жакшы сорту алынып келинип турган, азыр андай майлуу күн карама жок. Ошондой болсо дагы деле иштетилип элдин керегине жарап иштетилүүдө.
Май чыгарган аппаратты өзү жасады беле?
Ооба, өзү аракет кылып жасаган, ар кайсы жерден чиймелерин таап келип, керектүү тетиктерин сатып келип, өзү курду.
Даярдаган: Абдухамитов Кубаныч.