Баарыбыз билгендей эле 1941-1945-жылдардагы Экинчи Дүйнөлүк согуш чоӊ ата, чоӊ энелерибиз үчүн эӊ оор жылдардан болгон. Биздин келечегибизди түзүп берүу үчүн жан күрөп иштеген апалар, фронтто ок изи менен баскан аталар канчалык кыйналганын биз билбейбиз. Аларга ыраазычылык билдирүү менен 9-май Улуу Жеӊиш күнүндө ардагерлерибиздин көнүлүн ачып, белектерди тапшырып, ыр күлкү кана тартуулай алабыз.
Ушундай эле максатта Барскоон айыл өкмөтүөзүнүн кезектеги иш чарасы менен элди кубанычка бөлөдү. Алгач салтанаттуу иш чара мектеп окуучуларынан түзүлгөн парад мененбашталып, көзү өтүп кеткен ардагерлерге куран окуп, венок коюуу менен башталды.
Андан соӊ КР Жогорку Кеӊешинин депутаттары, райондук администрация,айыл өкмөт кутуктоолорун айтып ардагерлерге төш белгилерди, акчалай жана сыйлуу белектерин тапшырышты. Айылыбызда эки ардагердин бирөө кана иш чарага катышып тилекке каршы Асанбай ата келе алган жок. Бул күнү Барскоон айылында кош майрам болуп футбол аянтчасы да ачылды. 97-жаштагы ардагерибиз Акей Канатаев аянтчанын кызыл лентасын кесип, биринчилерден болуп топ тээп майрамды ачып берди.
Ардагер Акей атабыз согушта өткөргөн күндөрүн мындайча эскере кетти: Согуш деген жаман болду. Беш жыл күн, түн дебей жүрдүк. Согуш деген адам баласын кыра турган, келечекте завод- фабрикаларды талкалай турган жаман нерсе. Силерге мындан аары согуш болбосун, тынчылык болсун, жакшы өскүлө.
Уюуштурулган концерттик программа мектеп окуучуларынан жана айылдын талантуу инсандары элдерди шаӊга бөлөдү.
Программанын жүрүшүндө “Шумкар” тобу өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулап элдин батасына ээ болушту. Айыл өкм тарабынан берилген жардамдар жөнүндө АӨ Соц кызматкери Венера Өмүрбекова төмонкүлөргтоктоло кетти:
Бизде эки ардагер, эки тылда эмгектенген жана 19 курман болгон ардагерлердин жубайлары бар. Биздин айыл өкмөт тарабынан эки согуштун ардагерине 3000 сом, тылда эмгектенген 2 ардагерге 2000 сом, 19 апага 500 сом акчалай сыйлык берилди. Мындан тышкары ардагерлерге боз үйлөр тигилип ичтерине дастаркон жайылып тамак уюуштурулду. Биз ушуну менен кана чектелип калбастан майрамдарда, энелер күнүндө сыйлап турабыз. Кышкысын отун-суу менен камсыз кылып турабыз.
Биздин келечегибиз үчүн кан- жанын аябай согушта болгон ата, апаларыбызды майрамдары менен куттуктап ден-соолуктары чыӊ болуп, бакубат өмүр сүрүүсүнө тилектешпиз.
Даярдагандар: Асел Асанова, Эрлан Абласов.