Бүгүнкү күндө Республика боюунча балдар жана улуу курактагы адамдар арасында кызылча оорусу тез тарап жатат. Ошол себептен 2015-жылдын 12-майынан 23-майына чейин кызылча оорусуна каршы 1 жаштан 20 жашка чейинк эмдөө жүргүзүлө баштады. Эмдөөлөр мектептерде, бала бакчаларда жана ооруканаларда жүргүзүлүп жатат. Ар бир адам өзүнүн ден-соолугуна кам көрүү зарыл.
Ошол себептен Барскоон ҮДТнун дарыгерлери жана мед айымдар ар бир окуучунун дене табын, кулактарын, тамактарын текшерип көрүү менен эмдөөгө уруксаат берүүдө. Эмдөо жөнүндө Барскоон айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмчи айымы Асфира Майрыкова төмөнкүлөргө токтоло кетти:
Кызылча оорусу өтө жугуштуу вирустуу оору. Ооруп жаткан адамдан оруну жугузуп алуу өтө жеӊил, анткени ооруган адам кызылчанын вирусун чүчкүргөндө, жөтөлгөндө жадакалса сүйлөгөндө да бөлүп чыгарат. Кызылча оорусу эмделбеген балдардан жана улуу курактагы адамдардын арасында тез тарайт. Азыркы күндө динге баш оту менен кирип алган ата-энелер балдарын эмдетүүдөн баш тартууда. Кызылча оорусу татаалдануулары менен коркунучтуу, өпкөнүн сезгенишине жана баш мээнин жабырланышына алып келиши мүмкүн. Кызылчдан сактануунун бир гана жолу бар бул-эмдөө. Ар бир бала 1 жашында жана 6 жашында кызылчага каршы эки жолу эмдөө алышы керек- деп билдирди.
Урматтуу ата-энелер, балдардын ден соолугун чыӊдоо ар бир ата-эненин милдети. Ошондуктан балдарды эмдетүүдөн качпайлы.
Ар адамга жараласыӊ ден-соолук, Алтын байлык асыл болуп теӊ болду. Чындыгында адам кылган адамды, Бакыт экен, таалай экен ден –соолук.
Даярдаган: Эрлан Абласов.