Республика боюунча белгиленип жанткан Энелер күнү Барскоон айылында да салтанаттуу иш чара менен башталды. Энелер күнүндө Баатыр энелерге төш белгилер тапшырылып.
![20150516_133455[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/05/20150516_1334551-300x169.jpg)
Барскоон айылында баардыгы 132 Баатыр эне бар. Алардын ичинен 21 эне «Эне Данкы» төш белгилеринин ээлери.
![20150516_104811[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/05/20150516_1048111-300x169.jpg)
Айыл өкмөт тарабынан иш чарага 60000 сом каражаты бөлүнүп эне-апаларга сыйлуу белектер тапшырылды.
![20150516_112040[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/05/20150516_1120401-300x169.jpg)
![20150516_114210[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/05/20150516_1142101-300x169.jpg)
Белек тапшыруу менен бирге дагы 24 «Баатыр Эне» жана 3 «Эне Данкы» төш белгилери кошо берилди. Иш чаранын жүрүшүндө, концерттик программа менен коштолуп мектеп окуучулары, айыл талантуулары өз өнөрлөрүн энелерге тартуулашты.
![20150516_131531[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/05/20150516_1315311-300x169.jpg)
Барскоон айыл өкмөтү Руслан Төлөновичке иш чарага келген энелер, апалар ыраазычылыгын билидиришип батасын беришти.
![20150516_120911[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/05/20150516_1209111-300x169.jpg)
Майрам күнү Баатыр Энелердин кубанычтарына чек жок болду. Энелерди бүгүнкү майрамдары жана алган сыйлыктары менен чын дилибизден куттуктайбыз. Ден –соолуктары чыӊ болуп, өмүрлөрү узун болушсун.
Акылмандык, улуулук да, ирилик,
Азылзаттык- бары өзүӊө биригип.
Кереметүү Курманжандай келенгер,
Келди кайра кыргызыма тирилип.
Даярдаган: Эрлан Абласов.