Түп районунун Тасма айылындагы кичи конушка Акмат Мукамбетов аты ыйгарылды. «Nur fm» борборунун кабарчылары ал жактагы көйгөйдү мурдакы сандарда чагылдырышкан эле. Андан соң бул көйгөйдү чечкенге демөөрчүлөр табылып, учурда конуш электр жарыгы жана суу менен камсыздалды.
Бул жерде бардыгы болуп 65 түтүн жашайт. Конушта мурун суу жана жарык маселеси чечиле элек болчу.
Тургундар алыс жактан суу ташып, жарыктык начар болгондуктан түнкү саат экиде туруп нан бышырышчу. Сталбек Мукамбетов жакында эле бул жерге столбаларды орноттуруп, жарык киргиздирип, суу чыгаргандан кийин тургундар ага ыраазычылыктарын билдиришти.
Түп районунун акими Ишен Кожалиевдин айтуусунда, бул иш менен жазында таанышып, атайын кишилер менен келип сүйлөшүү иштерин жүргүзүшкөн.
“Анын жыйынтыгы чыгып, азыр баарыбыз чогулуп олтурабыз. Мен Тасма айылынын тургундарына айткан каалоом кичинекей балдар келечекте Кыргызстанды баккан, эли-жерин колдогон балдардан болсо дейм”, – деди өз сөзүндө аким Кожалиев.
Аталган конуштун тургуну Зарыл Мадемилов конушка Сталбек Мукамбетов салымын кошконун айтып өттү.
“Бул конуш түптөлгөндөн бери жарык маселеси чечиле элек экен. Анан ушул маселени чечип алалы деп, Сталбек Мукамбетовго кайрылдык. Бизге демөөрчү болуп бериңиз десек, ал макул мен жардам берейин деди. Биз столба койгонго акча жетпейт десек, ал 300 миң сомдун тегерегиндей акча берди. Анан ошол акчанын аркасы менен биз жаңы чубалгы алып тактык. Конушка мындай ат берилишине биз жалпы элдик чогулушта койгонбуз, депутаттар да колдоп беришти”, – деп билдирди ал.
Конуштун тургуну Назира Магдаева азыр жашоосу жакшырып калгандыгын, буга чейин көп жыл бою жарык, суусу жок кыйналганын белгилейт.
«Бүгүнкү күн биз үчүн эң эле жакшы күндөрдүн бири болду. Себеби биз 20 жылдан бери ушул жаңы конушта жашап келатабыз. Жарык аябай начар күйчү, балдарыбыз окуй алчу эмес, эч нерсе кыла алчу эмеспиз. Жакынкы арадан бери эле жарык орноткондон кийин, күндө жарык болуп, күчтүү күйүп калды», — дейт Магдаева.
Жаңы конуш тургундары бул жердин мурунку абалына салыштырып азыр шарт жакшырганын билдиришти.
«Үйлөргө суу киргизип жатабыз, жолдор оңолуп, балдарыбыз мектепте көңүлдүү болуп калышты», — деп кошумчалады Магдаева.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Саадат Турдуматова
Сынак үчүн