Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин окуучуларынын билим сапаты кандай? Ал кимден көз каранды? Бул материалда ушул суроолорго жооп издеп көрдүк.
Ата-энелер, мугалимдер жылдан-жылга окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу азаюуда деген наарызычылыктарын билдиришүүдө.
Мектеп мүдүрү Алик Мамытов окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу аны канааттандырбагандыгын, эмнегедир окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу төмөндөп кеткендигин айтып өттү.
“Мени окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу канаатандырбайт. Эмне себептен? Анткени азыркы балдардын көз карашы такыр башкача. Мына азыр илим менен техниканын өнүгүшү менен балдар интернеттен өзүлөрүнө керектүү маалыматтарды албай, керексиз маалыматтарды алып, ойлору тетири жакта болуп калды. Жакшы окугандардын саны азаюуда деп айта албайм. Бирок, китеп окуп, китептен маалымат алган балдардын саны азаюуда деп айтсам болот. Карасак, башталгыч класстарда балдар аябай жакшы окушат. Ал эми ортоңку тепкичти аттагандан тартып кызыкпай улам-улам төмөндөп баратат. А жогорку класска барганда сабакка көңүл бөлгөн окуучулардын саны кескин азайып кетет. Кызыгуу азайбаш үчүн ата-эне, мугалим, коомчулук, баарыбыз бирге иштешибиз керек. Ошондо окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу абдан жогору болот деп ойлойм. Ушул мезгилде коомчулуктун дагы тийгизип аткан таасири бар. Эмне үчүн мурунку мезгилде окуучулар аябай жакшы окуган? Себеби мыкты окуган окуучулар гана чоң окуу жайларга өткөн, ал убакта контракт деген жок болчу, биз окууга өтүү үчүн китептерди талашып окучубуз. Азыр окуу жайлар абдан көбөйүп кеткендигине байланыштуу акча менен эле өтүп кетишет», — деп айтып берди Мамытов.
Мектептин математика мугалими Эрмек Амазбеков окуучулардын сабакка кызыгуусу орто экендигин айтат.
“Балдардын сабакка болгон кызыгуусу орто, толук өздөштүрүү боюнча адабияттан жетишпейт. Китептер дагы жетпейт, жаңы китептер керек. Окуучулардын дагы бир жагы компьютерге, уюлдук телефондорго көп кызыгышат, интернетке киргенде өзүлөрүнө керексиз маалыматтарды издешет, жаман маалыматтарды өзүлөрүнө алып, ошондуктан сабакка кызыгуусу төмөн. Сабакка кызыгуу азайбаш үчүн сабактын өтүү формулаларын өзгөртүп, балдарды жаңы китептер менен камсыз кылуу керек жана мугалимдердин билим сапатын жогорулатуу керек. Мына ошондо окуучулардын билим-сапаты жогорулайт”, – деген пикирде Амазбеков.
Аталган мектептин 7-классынын окуучусу Айсулуу Карымшакова мектептеги окуучулардын билим сапаттары жогорку класска барган сайын азаюуда деп эсептейт.
“Менин оюмча, окуучулардын билимге болгон умтулуусу мурункуга караганда өтө азайып кетти. Анткени азыр окуучулардын бардыгы башка нерселер менен алектенишет. Өзүмдүн эле классымды алсам, 5-класска чейин өтө жакшы окуган окуучулардан бешөө болчу, ал эми 6-класстан тартып кескин азайып кетти. Балдар кутуруп көрүнгөндү сүйлөшөт. Эгерде азыр телефон болбогондо, окуучулар жакшы окуйт беле?» – деп суроо салат Айсулуу.
Даярдаган: Саадат Турдуматова
Сынак үчүн