Жал айылына көмүр сатыла баштады. Буга чейин көмүр коңшу айылда сатылчу.
Сатуучу Тилек Бердибековдун айтуусунда көмүр Жалга Кара-Кечеден келет.
«Былтыр болсо башка жакта болчу. Быйыл Жал айылында сатып жатабыз. Быйыл көмүрдүн баасы былтыркыдай эле. Кардарлар азыр көп алыша элек. Кичинеден алып жатышат. Көмүрдүн баасы былтыркыдай болгондуктан элдер нааразы болушкан жок», — дейт ал.
Бердибеков айрым тургундарга көмүрдү үйүнө чейин жеткирип берет. Жеткирүү баасы үйдүн алыстыгына карата өзгөрөөрүн айтат.
«Жакын болсо 50-60 сомго жеткирип беребиз. Мындан ары көмүрдүн баасы кымбаттабай эле койсун. Кара-Кеченин көмүрү экологиялык жактан таза. Көмүрдүн жасалмасы абдан коркунучтуу. Бул көмүрдү өзүм да колдоном. Үйдө кичинекей балдарым бар», — деди көмүр сатып жаткан ишкер.
Айыл тургуну Сагынбек ата көмүр ала элек. Ал кара алтындын баасы кымбаттабайт деген ойдо.
Айыл өкмөт башчысы Аида Бейшенова 2015-2016-жылдары кары-картаңдарга көмүр сатып алууга акчалай жардам бергенге аракет кылып жатканын кошумчалады.
Даярдаган: Акбермет Өмүрбек кызы жана Асель Сабырбекова
Сынак үчүн