Надырбек Абдразаков Жал бала бакчасында иштейт. Ал бакчанын тегерегин кооздогону үчүн акча албайт.
Абдразаков бакчада иштеп жатканына жети жыл болгон. Өзүнүн кесиби сүрөтчү болбосо да балдардын көңүлүн көтөрүү үчүн ушинтип кооздогонун айтат.
«Бул айылга көчүп келгениме 20 жыл болду. Дөңгөлөктөн ар кандай кооз нерселерди жасайм. Мисалы ак кууларды, үлүлдөрдү, гүлдөрдү жана мультфилимдеги каармандарды жасайм. Мен бул нерселерди жасаганды сыналгыдан, китептерден үйрөнгөм. Мен жасаган жумушума акча албайм, жөн гана балдарды жакшы көргөнүмөн иштеп жатам», — дейт ал.
Даярдагандар: Азамат Кубанычбек уулу, Өмүркан Каныбек кызы жана Асел Эркинбек кызы
Сынак үчүн