Сокулук районуна караштуу Жал айылында унаа тейлөөчү жай он жылдан бери иштеп келүүдө. Бул жерде төрт киши эмгектенет.
Айыл тургуну тургуну Казыбек Отыкеев унаа тейлөөчү борбордо иштейт. Бул жумуштун жыргалы менен кошо кыйынчылыктары да болоорун айтат.
«Ар кандай кыйынчылыктар болот. Кээ бир жумуштар оңой келет, айрымдары болсо оор келет. СТОдо болгондуктан бул жумуштардын бары эле оор деп эсептелинет», — дейт Отыкеев.
Анын дайыма келип турган кардарлары да бар. Унаа тейлөө борбору шаар четинде жайгашкандыктан айыл тургундары эле келет дейт ал.
«Орок айыл аймагынан жана башка айылдардан кардарлар келет», — деп токтолду ал.
Алган айлыгы жана жетекчиси жакшы экенин кошумчалайт Казыбек.
«Aйлыгыбыз 15-20 миң, кээде андан көбүрөөк. Администратордун мамилеси жакшы. Жылуу жерибиз бар, иштеген жерибиз кичине суугураак. Бирок кудайга шүгүр жакшы эле, наразылычылыгыбыз жок», — деп Казыбек толуктады.
Даярдагандар: Адилет Жумабек кызы, Нурбай Айбек уулу, Мырзайым Кубатбек кызы, Эрмек Арслан кызы, Асель Сабырбекова
Сынак үчүн