Жал айылында 2015-жылдын октябрь айларынан баштап сарык оорусуна чалдыккандардын бир нечеси катталган. Алынган маалыматтарга караганда, ондон ашык бала ооруга кабылган.
Сарык оорусуна кабылгандар учурда режим кармоо менен чектелүүдө. Арууке Толокожоева 9-классынын окуучусу, ал дагы сарык оорусуна кабылгандардын бири.
«Башында башым ооруп, көзүм саргайып, тамак ичсем эле кусуп жаттым. Арыктап кеттим. Ооруканага барсак сарык оорусу, инфекционный больницага баргыла деди. Ошентип ооруканага жаттым. Мен сарыктын «А» — түрү менен оорудум. Бир жарым ай ийне, капельница алдым, кошумча уколдорду берип жатты. Алты ай диета кармадым», — деди Арууке.
Анын айтымында, батыраак оорудан сакайыш үчүн диета кармоону доктурлар кеңеш кылышкан.
«Диета кармаганда майлуу тамак, ачуу нерсе, куурулган тамактарды, газдалган сууларды алты ай жеген жокмун. Мага көбүнчө кайнаган шорпо, коёндун этин көп же деди», — деп толуктады Арууке.
Сарык оорусу менен баласы Максат кантип ооруганын апасы Назгүл Султаналиева айтып берди.
«Балам биринчи ооруганда жүрөгү айланып, ичи ооруп тамак жей албай кыйналган. Биз аны доктурга көрсөтсөк ич оору деп дарыларды жазып берди. Ал дарыларды ичип жакшы болбогондуктан кайра барсак сарык деп направление жазып берди. Анан уулумду жугуштуу оорулар ооруканасына алып бардык. Ал жакта дарыланып жатат. Ал дарыланып бүтсө алты ай диета кармайт», — дейт ал.
«Сарык оруусу азыр абдан көп болуп жатат, өзгөчө балдар арасында. Сарык оорусу аба, кан аркылуу жана өздүк гигиенаны сактабагандыктан келип чыгат. Ал оорунун биринчи белгилери: баш ооруп, жүрөк айланат. Тамак жей албай кыйналат. Ал оору 4-5 күн билинбейт. Ооруган адамдар көбүнчө «А» түрү менен оорушат. Негизи сарык оорусунун А, Б, В жана Г деген түрү бар»,- дейт ал.
Даярдагандар: Асел Эркинбек кызы жана Мырзайым Кубатбек кызы
Сынак үчүн