
Түп районунун Тасма айылында үйлөнүү тойлору жылдагыга салыштырмалуу быйыл аз болгон. Мунун себебин түшүмдүн аз же көп болгонуна байланыштырат Карасаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.
Карасаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Тасма айылында акыркы жети жылда үйлөнүү тойлорунун кандай өткөндүгү тууралуу бизге айтып берди. Анын маалыматына ылайык, тойлор түшүмдүн аз же көп болушуна карап өткөрүлөт. Быйыл мурдагыга салыштырмалуу тойлордун саны азайган.
“Быйылкы үйлөнүү тойлор былтыркыга салыштырмалуу азыраак. Статистикага таянсак, болушу мүмкүн түшумдун аздыгы. Ал эми бешик тойлорду алсак аны дагы өткөрүп атышат айылда. Айыл боюнча үйлөнүү тойлордун 5-10 пайызы кафелерде өткөрүлүп жатат. Эми жаштардын көз карашына ылайык кафеге той өткөрүү заманбап талапка ээ деп ойлойм. Ал эми үйлөнүү тойлору айылдарда деле болот, алар өзүлөрүнүн шартына жараша өткөрөт”, – деп билдирди Ногоева.
Ногоева кошумчалагандай, үйлөнүү тойлордун эң эле көп өткөрүлгөн жыл болуп 2012-жыл эсептелет. Бул жылы 48 үйлөнүү той болуп, 48 никеге туруу катталган.
Айыл тургуну Бурул Абдылдаева жакында эле баласын үйлөнтүп, той берген. Той күтүүсүз болгондугуна байланыштуу үйдөн эле өткөзүүгө туура келген. Болжол менен 200 миң сом акча сарыпталгандыгын билдирип өттү.
“Эми азыр күркүрөгөн күз мезгили деп коёт. Бул убакта элдин баары жазында сепкен эгиндеринен түшүм жыйнап, баккан малдары жайыттардан келишет. Алар эттүү болот, негизи тойлор дайыма эле күз убагында башталат. Себеби береке күзүндө болот. Эми алардын саламатчылыгын, аманчылыгын тилеп жатабыз. Тойду үйгө бердик, бул бизге чоң кубаныч алып келди. Тойду үйгө берген деле, тойканага бегрген деле бир чети жакшы”, – деп өз оюн айта кетти Абдылдаева.
Ушул эле суроо менен айылдын тургуну Динара Кенжеева кайрылдык.
“Биздин кызыбыз жакында эле турмушка чыкты. Анын үйлөнүу тоюна барып келдик. Үйлөнүү той көбүнчө күзүндө болот экен. Күркүрөгөн күзүндө ошондой тойлор көп болот экен. Бул убакта элде акча көп болот, түшүм көп болот, күздүн эң эле жаркыраган күндөрү болот, токчулук күзүндө болот”, — деп токтолду Кенжеева.
Даярдаган: Саадат Турдуматова
Сынак үчүн