Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинде 2-4-класстар арасында акын Омор Султановдун 80 жылдыгына карата көркөм окуу сынагы болуп өттү. Бул сынакка жөндөмдүү окуучулар аталган акындын ырларын көркөм айтып, өз чыгармачылыктарын көргөзө алышты.
Сынактын аягында окуучуларга орун берилип, ардак грамота жана ар кандай белек-бечкектер ыйгарылды.
Бул тууралуу сынакты алып барган 3-класстын класс жетекчиси Айгүл Осмонова бардык окуучулардын жигердүү катышкандыктарын айтты.
“Бардык окуучулар Омор Султановдун ырларын көркөм айтуу менен өзүлөрүнүн чыгармачылыктарын көргөзө алышты. Аягында орун алган окуучуларга ардак грамоталар, ар кандай сыйлыктар тапшырылды. Мындан ары бул окуучулар дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишип, келечектери кең болуп, ушундай сынактар бат-баттан болуп турушун каалайм”, – деди Осмонова.
Мектеп директору Алик Мамытов бул сынактын жогорку деңгээлде өткөнүн, окуучулардын жакшы катышкандыгын айтып өттү.
“Бул сынакта Омор акындын көптөгөн ырлары ачыкка чыкты. Бул адамдын чыгармачылыктары жөнүндө окуучулар кененирээк маалымат алып, окууга болгон кызыгуусу дагы жакшы окууга аракет кылышат деп ойлойм. Бул сынакты мугалимдер уюштурду жана окуучуларын өтө жакшы даярдашкан. Мындан биринчи орунду 2-класстан Турсунбаева Эркайым алды. Ал кичинекей болсо дагы ырды ушунчалык көркөм кылып айтып берди. 3-класстан Токтокадырова Таңсулуу алды. 4-класстан Мусалиев Кубанычбек алды. Негизи 4-класстын мугалими Эсенгелдиева Элзат абдан жакшы даярдаптыр, баардык окуучулары 1- орунду алгыдай эле болушту. Эми мындан кийин токтоп калбастан, дагы ушундай иш-чаралар болуп турса дейм”, – деп билдирди Алик Мамытов.
Сынактан 1-орунду ээлеген Таңсулуу Токтокадырова кызыктуу блогонун, баш байгени алганына аябай сүйүнүп жатканын айтты.
“Бүгүн акын Омор Султановдун 80 жылдыгына карата көркөм окуу сынагы болду. Мен андан биринчи орунду алдым. Мен өзүмө жаккан белекти алдым. Мындан кийин дагы көптөгөн конкурстар болсо дейм”, – дейт Таңсулуу Токтокадырова.
Даярдаган: Саадат Турдуматова.
Сынак үчүн