Белек уулу Тогузбай атанын санжырасы жарык көргөнүнө эки жылдан ашты. Китепте жалпысынан Белек уулу Тогузбай атанын санжырасы жана Тасма айылынан чыккан белгилүү адамдардын өмүр баяны жазылган.
Китепте ошондой эле мектеп жөнүндө, Тасма айылы тууралуу да маалыматтар жазылган. Китеп жалпысынан 187 беттен турат. Авторлору Эркинбек Көчөрбаев, Элмирбек Алмазбеков жана Казакбай Курманалиев.
Авторлордун бири Эркинбек Көчөрбаевдин айтымында, санжыраны жазуу учурунда айрым тургундар китепке айылдын кээ бир тургундарынын түшүп, кээсинин түшпөй калганын айтып түшүнбөстүктөр жаралган.
“Айылдагы баардык атуулдардан алдык. Негизи китеп жарык көргөндө элдер өтө кызыккан эмес. Китепте Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан Карасаев айыл өкмөтү боюнча жазылды. Алардын ичинен эмгек армиясына бргандар дагы толукталып жазылды. Эмгектин ардагерлери да түшүрүлдү. Мектептин тарыхы да түшурүлдү. Санжыраны жыйноодо Керимбек атанын китеби кеңири пайдаланылды. Учурда жаңыртууну пландаштырып жатабыз. Китеп Тогузбай элинин урук туугандарынын баарына таркатылды”, — деп билдирди Көчөрбаев.
Ал эми айыл тургундарынын бири Эсен Шаменов, китептин чыканы жакшы болду айылыбыздагы кээ бир нерселерди билчү эмеспиз жакшылап билип алдык, келечектеги муундар да билип калат, деп билдирип өттү.
“Белек атанын санжырасын окудук, чыкканы жакшы болду. Мурда билбегенибизди билип алдык. Мурда санжырага көңүл бөлчү эмеспиз. Азыр китеп чыкканы жакшы болду. Биздин ата-тегибизди жакшылап билип алдык. Чыгарган адамдарга терең ыраазычылык билдиребиз. Китепте айылыбыз тууралуу көп нерселер камтылган. Катачылыктарын көп байкаган жокпуз”, — деп баяндайт Шаменов.
Мектеп окуучусу Элдияр Эламанов санжыра китебин окуп чыгып, досторунун дагы ата-тегин билип алганын айтып, өз жети атасын санап берди.
“Мен санжыра китепти окуп чыктым. Китепте бүт ата-тегибиз жазылыптыр. Мен өзүм да жети атамды билем. Өз атам Санжар, чоң атам Эламан, анын атасы Кармышак, анын атасы Байсары, анын атасы Алсеит, анын атасы Жайчы, анын атасы Белек, анын атасы Тогузбай. Китептен дагы досторумдун ата-тегин да билип алдым”, — дейт Эламанов.
Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн