Түп районуна караштуу Тасма айылындагы кире бериш көпүрө авариялык абалда. Тургундар көпүрө урай баштаганын билдирүүдө.
Бул көпүрө 1979-жылы курулган. Туура эмес салынып калгандыктан 2002-жылы кайрадан курулуп, ошол учурда толук кандуу бүтпөй калган.
Айыл тургуну Нурлан Дубанаев көпүрө учурда урай баштаганын айтат. Бул айыл көйгөйлөрүнүн бири экендигин жана каралбай жатканын баса белгилейт.
“Азыркы көпүрө эки-үч жылда бир оңдолуп турат. Бул көпүрө эми толук кандуу жасалышы керек. Жакында эле карап койсо жакшы болот эле, азыр тешилип калыптыр ошол жерлери оюлуп жаткан. Кээ бир байкабагандар ал жерден түшүп кетсе, бүттү, кырсыкка кабылат”, — дейт Дубанаев.
20 айдоочу болуп иштеген Нурбек Байбосуновдун айтымында, ушул көпүрөнүн начардыгынан унаасы тез бузулуп жатат.
“Көпүрөнүн абалы канааттандырбайт. Азыр ушул тешилип калды. Карап коюшса жакшы болмок. Биз ушул эптеп өтөбүз. Көпүрө эч жерден каралбай жатат. Тасма айылындагы көпүрө талапка жооп бербейт. Мен ушул айдоочу болгонума жыйырма жыл болду. Машиналарыбыз тез бузулат», — деп айтты ал.
Тасма айыл өкмөтүнүн жер адиси Нурбек Усеновдун айтымында, көпүрө тууралуу жогору жакка кайрылууда эч кандай натыйжа чыккан эмес. Көпүрөнү кимдер оңдоорун да билбесин айтат.
“Тасма айылынын кире беришиндеги көпүрө 1979-жылы даярдалып, жаңы типтеги көпүрө курулган. УОСтун суу-чарбасынын каталыгы менен 2002-жылы кайра салынган. Бирок толук кандуу болбогондуктан азыр уроо коркунучунда. Биз бул тууралуу райондук башкармага кайрылганбыз. Бирок ким тарапта экени белгисиз. Өзүбүз оңдогонго каражат жетишпейт”, — деди ал.
Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн