
Куланакта 28-ноябрда Аралбаев орто мектебиндеги жаш ыктыярчыларга журналистика боюнча кыскача тренинг өтүлдү. Семинар келечектеги журналисттерге сдудиядагы жабдууларды колдонуу боюнча болду.
Айжамал Рахман кызы мындай тренингдерге көп жолу катышканын айтат. Бирок башка тренингдерге караганда бул сабак кызыктуу болду дейт.
«Негизи мурда семинарлар эки күнгө созулчу. Бул жолкусунда дагы ошондой болот го дегем. Бирок башкалардын «аз эле убакыт болот экен» дегендерин угуп калып, кызыксыз эле өтүлөт го деп ойлогом. Эмнегедир топторго бөлүнүп, журналдарды колдонуу тартиби туурасында түшүндүрүп бере баштаганда кыска болсо дагы бул тренингдин пайдасы мен үчүн чоң экендигин түшүндүм», — дейт ал.
Катышуучулардын бардыгы өз ойлорун ачык айтышып, тапшырмаларды аткарышты.

Ал эми семинардын тренери Гүлнара Мамбеталиева мындай тренингдерди башка мультимедиа борборлорунда да өтөөрүн айтты.
Жаш журналисттер үч топко бөлүнүшүп, аппараттарга кантип журнал баштоону кеңешишти.
«Куланак» мультимедиа борборунун ыктыярчысы Медер Асыкулов, эки жылдан бери иштеп келе жатса да кантип журналда иш алып барууну билген эмес.
«Мен бул жакта эки жылдан бери журналистмин. Чынында буга чейин журналдарды деле түзүп келгенбиз. Бирок кантип, кандай планда иш алып бараарыбызды толук билчү эмесмин», — дейт ал.

Мындай семинарлар дагы көп өтүлсө, кызыктуу маалыматтарды жаш журналисттер алып турушса, булардын арасынан мыкты журналисттер чыкмакчы.
Автор: Самара Рыскелдиева
Сынак үчүн
