Азыркы күндө окуучулар түн ичинде көчөгө чыгышып, мушташып, өздөрүнөн кичүү балдардан акча талап кылышат. Ошону менен эле бирге спирт ичимдиктерин ичишип, туура эмес жолдорго баргандарын көп эле жерден угуп калабыз.
Дал ушул окуялардын алдын алуу максатында Аралбаев орто мектебинин мугалимдер жамааты көчөлөрдү кыдырышып, рейд жүргүзүүдө. Бул жаңылыкты уккан соң мугалимдерден уруксат сурап, мен дагы алар менген чогуу кыдырууга чыгып, мугалимдерге суроолорумду узаттым.
Чынара Балтабаева мектептин тарбия иштери боюнча уюштуруучусу. Ал мунун баары жогору жактан буйруктун негизинде жүргүзүлүп жатканын айтты.
«Күнүнө биз алты мугалимден үч көчөгө бөлүнгөнбүз. Кечки 7ден баштап кыдырып жатабыз. Негизи буйрук боюнча окуучулар түнкүсүн көчөгө себепсиз чыкпоолору керек. Эгерде дайынсыз чыгып бизге кармалып кала турган болсо, ата-энелерге да эскертүү бергенбиз, алып барып түшүнүк кат жаздыртабыз, же дагы башка чараларды көрөбүз», — деп токтолду Балтабаева.
Айылда милиция бөлүмү болгону менен мугалимдер мындай рейд өткөрүү пландалган жумуш экенин айтышты.
«Милициянын дагы милдеттерине кирет. Бирок биздин пландарыбыз ар башка. Алар негизинен «милициянын жаш жардамчысы» деген пландын негизинде окуучулар менен биргеликте иш алып барышат», — деди Балтабаева.
Ал эми тарых сабагынын мугалими Таалай Нурдинов мындай кыдыруу иш-чарасы ага түйшүк жаратпасын айтат.
«Менин оюмча түйшүк деле жаратпайт. Анткени мунун баары өзүбүздүн окуучулар жана айылыбыздын тынчтыгы, бейпилчилиги үчүн деп билем», — деди ал.
Ушул учурда мугалимдер окуучунун үйүндө бар же жок экендигин билүү үчүн үйлөргө кирип, ата-энелерге түшүнүк кат жаздырышты.
Кубан Өмүралиев рейд тууралуу өз оюн мындайча билдирип өттү.
«Негизи өзүм да мугалиммин жана ата-эне катары туура эле деп эсептейм. Балдардын кечкисин чыгуулары көбөйгөндүктөн ушундай шарттар алардын азаюусуна жакшы өбөлгө болду деп эсептейм», — деди Өмүралиев.
Көчөдо кетип бара жаткандарды мугалимдер «окуучулар» деп токтотушса, чоң эле кишилер же эжелер болуп калган учурлар да кездешип жатты. Аларга болгон жагдайды айтып берип, туура кылып жаткандарын айтышкандар да болду.
Бүгүнкү кыдырууда окуучуларды көчөдөн жолуктурган жокпуз. Албетте бул кыдыруудан кийин сөзсүз түрдө жакшы жыйынтык берип, окуучулар чыкпай калат деген ойдомун.
Автор: Самара Рыскелдиева
Сынак үчүн