Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата катарга басуу сынагы болуп өттү. Сынакта 5-7-класстар арасында өтүп, ыр жана көнүгүүлөр менен коштолду.
Мектеп мүдүрү Алик Мамытов бул катарга басуу сынагы окуучуларды патриоттуулукка үндөйт деген ойдо уюшулганын айтты. Анда окуучулар жасап жаткан күнүмдүк көнүгүү, команда берүү, формасынын өзгөчөлүктөрү, ырдоо жана дубал газета деген 5 тапшырма боюнча таймашышты.

“Бул биздин жыл сайын болуп келе жаткан таймаш. Жеңиш күнүнө карата да болчу. Катарга басуудан биз мыкты баскан класстарды тандадык. Биринчи орунду 7-б класс алды. Класс жетекчиси Бегимбаева Айым. Экинчи орунду 6-б класс алды, үчүнчү орунду 5-б класс, төртүнчү орунду 7-а класс, бешинчи орунду 6-а класс жана эң акыркы орунду 5-а класс алды”, – деп билдирди Мамытов.
Аталган мектептин 5-а классынын окуучусу Асель Мамытова катарга басуу кызыктуу өткөнүн жана ага жакканын айтты.

“Бүгүнкү катарга басуу таймашы мага окуучулар көп катышып, болгон аракеттерин жумшап, катуу даярданганы, кийген формалары менен жакты. Баарыбыз кызыгып башка класстардын баскандарын бири-бири менен салыштырып, карап турдук”, – деди мектеп окуучусу Асель.
Мектептин 5-а классынын окуучусу Адинай Бекланова дагы сынактын жакканын айтып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.
“Мага бүгүнкү таймаш өтө жакты. Көбүнчө мага окуучулардын колдору, буттары чогуу, түз, бардыгы окшош болгону, башына кийген пелёткалары, ырлары менен жакты. Өзгөчө 7-б класстын катышуучулары сонун аткарышты. Окуучулар команда берген жеринен эле кичине адашышты, калган бардык жери сонун болду. Мындай сынактар дагы да көп-көптөн болуп турса дейм”, – дейт Адинай.
Даярдаган: Саадат Турдуматова
Сынак үчүн