Шанкол айылынын тургуну Орозбек Абдырахманов 1,5 гектар жерине 400 түп алма жана 100 түп өрүк көчөттөрүн тиккен.
Эккен көчөттөрүнүн жарымынан көбү мөмөсүн берип жатат. Бул бакта өскөн өрүк, алмаларынын мөмөлөрү табигый. Эч кандай зыяндуу химикаттар менен даарыланган эмес.
Бактын ээси Орозбек Абдырахмановдун айтуусунда, көчөттөрдү өстүрүү бир топ кыйынчылык туудурган. «Анткени көчөттөр сууну көп талап кылгандыктан, тез-тез суугарып туруубуз зарыл болот. Күндүзү элдин тынчын албайын деп көбүнчө кечинде суугарам», — дейт багбан Абдырахманов.
Даярдаган: Алида Маматосмон кызы
Сынак үчүн