Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрь куну саат 23:29да Кара-Суу районда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болгонуна байланыштуу, Ноокат районунун эли да боордошторго жардам көрсөттү.
Ноокат районунун элинин атынан Кара-Суу айылына караштуу Чайчи айылына жалпысынын 214500 сомдук гуманитардык жардам берилди.
Ноокат шаарынын мэри Өмүрбек Турганбаевдин айтуусунда, зилзаладан жабыркаган 10 үй бүлөнүн ар бирине 1 тоннадан көмүр, 100 килограммдан ун, 50 килиграммдан картошка, 30 килограм алма жана жети килограммдан эт жана даары дармектер берилген.
Даярдаган: Алида Маматосмон кызы
Сынак үчүн