
Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде 1-декабрда ВИЧ СПИД күнүнө карата 8-класстарга ачык сабак өтүлдү. Сабакта пайдалуу маалыматтарды алдым дегендер көп болду.
Негизи дал ушул ооруларга байланыштуу ачык сабактар жыл сайын ар бир класска өтүлүп келет. Ушул темада 13-ноябрь куну 9-класстар арасында дагы 2 жарым сааттык тренинг болуп өткөн.
Өлкө боюнча бул ооруларга байланыштуу ар кандай иш-чаралар, ачык сабак өтүү, дубал гезит чыгаруу, дил баян жазуу тапшырмалары ар дайым берилип келет.
Ажар Белекова бүгүнкү өтүлгөн сабакка чейин мурун мындай маалыматты билбегендигин айтат.
«Чындыгында мен бул оорулар тууралуу буга чейин маалыматым жокко эсе болчу. Эмнегедир ушул ачык сабактан кийин гана азыртадан эле ага каршы чыгуу үчүн аракет кылууну баштайм», — дейт Белекова.

Бул ачык сабакта окуучулар сүйлөм түзүүчү ар кандай сүрөттөр менен дагы көбүрөөк маалымат топтогонго жетишишти.
Сабактын дагы бир катышуучусу Кубанычбек Балтабаев мугалим менен кошо жарышып сүйлөп, берилген суроолорго өз оюн айтып, ачык жооп берип жатты.
Ошондой эле балдар паззлдар менен иштешип, андан «Сен гана чечесин» деген сөздү таап чыгышты.

Кээ бир адамдар дал ушундай оорулардан толук маалыматы жок болгондуктан туура эмес жолдорго барышат. Ал үчүн бир гана аны жеңгенге аракет кылуу керек. Алардын бири ВИЧ СПИДге каршы күрөшүү. Бул коркунучтуу, айыкпас оорудан алыс бололу!
Автор: Самара Рыскелдиева
Сынак үчүн