Куланакта «Баатыр эне» жана “Эне даңкы” наамын алган апаларыбыз арбын. Биз бул жолу ошол апаларыбыз жөнүндө баяндайбыз.
Айылдагы жаш курагынан баатыр эне наамын алган айымдардын бири Кундуз Орозалиева. Алган наамы боюнча бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди.
“Учурда менин жети балам бар. Үстүбүздөгү жылда мамлекет тарабынан баатыр эне наамын алдым. Алган сыйылыгым менен сыймыктанам. Келечек жаштардын колунда эмеспи, ошол сыяктуу өлкөбүздө жаштар көбөйө берсин», — деп токтолду ал.
Ал жөлөк пул албасын айтат.
«Бирок 2014-жылы сыйлык алгандан кийин, мамлекет акчалай жардам көрсөткөн”, — деди ал.

Ал эми Кундуз эженин кызы Аралбаев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айчолпон Асанкулова апасы тууралуу мындай дейт.
“Мен апамдын алган сыйлыгы менен сыймыктанам. Жеке эле мен эмес, атам жана бир туугандарым дагы сыймыктанат. Апам үйдөгү жумуштан сырткары кол өнөрчүккө кызыгып шырдак шырыйт, курак курайт”, — деп сөзүн жыйынтыктады Айчолпон апасы жөнүндө.

Ошондой эле дагы бир «Эне даңкы» наамын алган айыл тургуну Гулфия Стамбекова биздин суроолорубузга төмөндөгүчө жооп кайтарды.
”Мен 2014-жылы мамлекет тарабынын “Эне даңкы” наамын алдым. Башка айымдардай эле мен дагы алган сыйлыгым менен сыймыктанам. Менин алты балам бар. Балдарыма баардык жакшы тилектерди каалайм”, — деп сөзүн бүтүрдү ал.

Айылыбызда баатыр энелер көбөйө берсин.
Автор: Айзат Асанова
Сынак үчүн