Ноокат районунун тургуну Сулайманова Манзура үйүндө миң түрдүү гүлдөрдү өстүрүү менен бирге кышкы күнөсканасын да иштетип жатат.
Анын өстүргөн гүлдөрүн сатып алуучулар көп. Баасы 100 сомдон 15000 сомго чейин экенин айтат ал.
Ал эми кичи күнөсканасында бадыраң жана помидор өстүрүп, базарга кышкы жашылча катары сатып жатат.
Анын кардарлары көбүнчө гүлдөрдү Бишкек жана Ош шаарларынан келип алып кетет.
Гүл өстүргөн Манзура Сулайманова миң түрдүү гүлгө миң башкача көңүл буруп кароого туура келээрин айтат.
«Мыкты көңүл буруп карабасаң соолуп калат. Канчалык түйшүгү көп экендигине карабастан, аларды өстүрүп үйүмдү көрккө бөлөөдөн ырахат алам», — дейт Манзура Сулайманова.
Гүл көчөттөрүн атайын буйрутма менен ар тараптан алдыртат.
Даярдаган: Алида Маматосмон кызы
Сынак үчүн