Жакында эле Кашкалдак айылынын тургуну Бекболтов Үсөн балык чарбасын ачты. Учурда балыктар үчүн даярдалган көлмөдө балыктар чоңоюп жатат.
Балыктардын өсүп жетилүүсү үчүн эки бөлүктөн турган көлмө даярдалып, буга 20000 сом коротулса, 18000 сомго 75килограмм икра сатылып алынып сууга ыргытылган.
Балык чарбанын ээси Үсөн Бекболотовдун айтымында, мурда жерге картошка айдап көргөн, бирок чыгымын да актаган эмес. «Өрүкзар кылалы деп өрүктүн көчөттөрүн тиктик, таштак жана саздак жер болгондуктан көчөттөрүбүз да куурап калды. Анан үй бүлөбүз менен кеңешип олтуруп балык чарбасын ачууну чечтик. Балык чарбанын эл үчүн да жеке үй бүлөөнүн бюджети үчүнда пайдасы чоң болот», — дейт ишкер Бекболотов.
Күн сайын көлмөдөгү кир суулар сыртка агып чыгып, оорду таза суу менен камсыздалып турат.
Көлмөдөгү балыктар август айында толук чоңоюп, сентябрь айында саттыкка чыга баштайт. Чоңойгон балыктарды орто баада сатканда 35 0000 сом пайда алып келүүсүсүн чарба ээси күтүүдө.
Айыл тургуну Айбек Калмаматов Кашкалдак айылынын жерлери саздак болгондуктан эгин-тигин анча жакшы боло бербесин айтат. «Бул жерде Үсөн Бекболотовдун балык чарбасы айылда алгачкылардан болуп ачылып жатканы элге жакшы үлгү болуп жатат», — деген пикирде Калмаматов.
Даярдаган: АлидаМаматосмон кызы
Сынак үчүн