“Тарых жана маданият жылына” карата Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде ар аптанын жума жана ишемби күндөрү ата-энелер арасында ар түрдүү спорттук мелдеш өтүп туруу белгиленди.
Мелдештерди өткөрүүнүн негизги максаты — ата-энелерди мектеп турмушуна активдүү катыштыруу менен байланышты чыңдоо жана окуучуларды бош убактысын туура пайдаланууга үйрөтүү.
Оюнду мектептин дене тарбия мугалими Т. Жыргалбеков уюштуруп, ага жалпы ата-энелер комитетинин мүчөлөрү демөөрчүлүк кылышат.


6-класстын ата-энелери арасында “Шайыр старт” оюну өтүп, чуркоонун 8 түрү боюнча күч сынашты. Оюндун жүрүшүндө тапшырмаларынын аткарышып, ата-энелер классынын намысы үчүн жигердүү катышууга аракет кылышты

Жыйынтыгында 6-б классынын ата-энелери жеңишке жетишишти. Оюн жакшы маанайда аяктап жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Даярдагандар: Кубанычбекова Калида, Касымалиева Айчолпон
Сынак үчүн