Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «American Song Contest 2016» аттуу англис тилиндеги ырларды аткаруу боюнча сынактын жарым финалы өттү. Бул сынактын максаты — англис тилин өздөштүрү жана АКШнын ырдоо маданиятынын таануу болуп эсептелет.
Бул конкурска Т. Сатылганов, Э.Карасартов, Календеров жана Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары келип катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Сынактын биринчи айлампасында 7 окуучу өткөн. Ал эми экинчи айлампасында жеңүүчү болгон 7 окуучу окуучу катышып, тапшырма боюнча ар бири англис тилинде 2 ыр ырдашты.
Экинчи айлампанын жыйынтыгы менен 1-орунду Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучу Замирбекова Ханзаада, 2-орунду Э. Карасартов мектебинин 7-классынын окуучусу Санжарбеков Берадор, ал эми 3-орунга Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары Рахатбек кызы Айдай, Базаркулова Аймырза татыктуу болушту.
![IMG_20160227_164735[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2016/02/IMG_20160227_1647351.jpg)
Бул сынак жакшы таасир калтырганын айтышты көрүүчүлөр. Ал эми жеңүүчүлөр алдыдагы Нарын облусунда боло турчу сынакка катышуу үчүн камылга көрүшөт.
![IMG_20160227_164706[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2016/02/IMG_20160227_1647061.jpg)
Даярдаган: Касымалиева Айчолпон, Кубанычбекова Калида
Сынак үчүн