Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жаз мезгили келип, күндүн жылуу болгонугуна байланыштуу айлана чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иштери башталды.
Айлдын борборунда жайгашкан А.С. Пушкин атындагы орто мектебинин окуучулары бул иштерди биринчилерден болуп башташкан.
Мектептин окуучулары дарактарды актап, көчөлөрдү шыпыруу жана жерлерди чабуу сыяктуу иштерди аткарышууда.
Бүгүнкү күнү жалпы Үч-Коргон айылында тазалык күнү жүрүп, мекеме ишканалар ишембилик өткөрүүгө киришишти.
Даярдаган: Сайёдбек Нусраттулаев
Сүрөттүн автору: Пардаева Мохира
Сынак үчүн