Маалымат жыйынында жергиликтүү бийлик ээлери 2015-жылда аткарган иштерин айтып, 2016-жылга карата пландарын бекитишти.
Аталган маалымат жыйынга Кадамжай районун администрациясынын башчысы Акрам Камбаралиевич, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Абдурахманов Ахмаджан жана айыл башчылары катышышты.
Жыйындын башында Абдурахманов Ахмаджан сөз алып, 2015-жылда аткарган иштери туурасында келгендерге маалымат берип өттү. Мындан сырткары 2016-жылга карата жергиликтүү бийликтин бюджетин бекитишти.
«2015-жылда бир топ алгылыктуу иштер алып барылды. Алардан саламаттыкты сактоо, мал чарбасы, дыйкан чарбасы, суу каналдарын оңдоо жана мектептерди реконструкциялоо жана башка иштер боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылган», — деп билдирди айыл өкмөт башчысы.
Ахмаджан Абдурахмановдун билдиришинче, 2015-жылда Тахтек жолу оңдолуп пайдаланууга берилген. Кошумча 2016-жылда Үч-Коргон айыл өкмөтү АРИС уюму менен биргеликте 15 миң АКШ долларлы өлчөмүндө мал чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгышкан.
«2015-жылда аткарылган иштер жана жеңиштер бир гана айыл өкмөтүнүн кызматы эмес, бул жалпы жергиликтүү бийликтин кызматы жана жеңиши», — деп айтып өттү айыл башчысы Миталипов Камалдин.
Миталипов Камалдин 2015-жылда аткараган иштери үчүн айыл өкмөтү тарабынан эң мыкты айыл башчысы наамына татыды.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Хамрабаев Салижан Үч-Коргон айылында ушул күнгө чейинки аткарылган иштер жана кемчиликтер туурасында өзүн сунуштарын жана ойлорун айтып кетти.
«Адам өзүнүн аткарган иштериндеги кемчиликтерин эрте баамдап түшүнүп, ошол кемчиликтерди кайра кайталабоого аракет жасаса — бул эң жакшы. Үч-Коргон эли дайыма ынтымакта жашап келишкен. Мен каалайт элем мындан ары да ушул ынтымакты сактасак эң жакшы болот», — деди ал өз сөзүндө.
Салижан Хамрабаевдин айтымына карганда, 2015-жылда Үч-Коргон айылында ар кайсы тармактарда салмактуу иштер алып барылган жана көп улуттар жашаган айылда туруктуулук сакталып элдердин көз караштары мурдагыдан дагы өскөндүгүн баса белгилеп өттү. Хамрабаев Салижан да айыл өкмөтүнүн төш белгиси менен сыйланды.
Жыйынтыгында эң мыкты айыл башчыларын Кадамжай районун администрациясынын башчысы Акрам Камбаралиевич куттуктап, төш белгилери жана мактоо баракчаларын тапшырды.
Даярдагандар: Нусраттуллаев Сайёдбек, Пардаева Мохира
Сүрөттүн автору: Маманазарова Дилноза
Сынак үчүн