Т. Айбашев орто мектебинде Манас тануу сынагына Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу 9 мектеп катышты. Сынак 26-февраль күнү болуп өттү.

Бул сынакка Надиров, Бекиев, Т. Айбашев, Баглан, Ж. Бөкөнбаев, Кулуштан, Абшыр-Ата, Кулатов орто мектептери жана М. Кудайбердиев лицейинин окуучулары катышты. Ар бир мектептен 5-6дан окуучу бир топ болуп жарышты. Ар бир топтор берилген суроолорго топтору менен талкуу кылышты.

Айбашов орто мектебинин 8-классынын окуучусу Асель Акимбек кызы иш-чарадан билбеген маалыматтарды өздөштүргөнүн айтат.

«Бул сынакка катышып мен көп нерселерди билдим. Акылыма акыл кошулду десем да жаңылбайм. Мугалимдер бизге берген суроолору да татаал болду. Бирок татаалдыгына карабай жооп бердик», — дейт Асель.

Сынакка катышкан окуучулар саламдашуу, суроо-жооп, сыр-куржун, көөнөргөн сөздөр, Манас айтуу жана башка програмаларга даярданып, билим-өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Манастан окуяларды чагылдырып аткарып, айрымдары Манас айтышты.

«Окуучуларга айтаарым — ар дайым Манасты билип, айтып жүрүшсүн», — деди Айбашев орто мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими Кундуз Жороева.
Ар бир сынакта жеңүүчүлөр болгондой эле, бул сынакт Надиров орто мектеби 1-орунду ээлешти. Жеңүүчүлөргө эч кандай белектер берилбей калганы окуучулардын маанайын түшүрдү.
Даярдаган: Кызжибек Кушбакова
Сүрөттүн автору: Марлен Жамалов
Сынак үчүн