«Клооп медиа» коомдук фондунун журналистика мектебинен окуп келген Жанара Асанкул кызы алган билимин айылдагы журналистикага кызыккандар менен бөлүштү. Анын тренинги 26-27-февралда болуп өттү.
Тренингге жалпысынан 36 окуучу катышты, аларды эки күнгө бөлүп өттү. Бул тренигден окуучулар онлайн журналистика, радио, видео жана сүрөт баян боюнча сабак алышты.

Окуучуларга атайын даярдалган программа менен сабак өтүлдү. Бардыгы активдүү катышышты. Тренингде слайд менен дагы көп нерселер көрсөтүлдү.
Тренер Жанара Баялиева окуучуларга сабакты жакшы эле өттүм деген ойдо.

«Биз жаңы окуучуларды алдык. Алар 7-8-класстар. Окуучулар менен биргеликте атайын иш күнүбүздү белгилеп алдык. Ошол күн боюнча жаңылык чыгарып, иш алып барабыз. Окуучуларымдын Клоопко барышына жардам берип турам, алар да мендей болот деген ишеничтемин», — деди Жанара.

Сабакта окуучулар сүрөткө тартканды, диктофон менен иштегенди үйрөнүшү. Бакытбек уулу Эрнисттин айтымында, тренинг кызыктуу болгон. «Мага өзгөчө оюн ойноткону жана сабакты көңүлдүү өткөнү жакты», — дейт ал.

Окуучулар радиого чыгаар алдындагы тилиди жатыктыруучу ар кандай жаңылмачтар, оор сөздөрдү окуп кайталашты.

Сабак бүткөндөн кийин окуучуларга темалар берилип, практика жүзүндө аларды аткара башташты.
Даярдаган: Майрам Төрөгелди кызы
Сынак үчүн