Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы №17-гимназия мектебинде 11-класстар арасында диний экстремизм жөнүндө тегерек стол болду. Сабакта диндин оң жана терс тараптары талкууланды.
Алгач дин жана диний экстренизм жөнүндө түшүнүк берилди. Андан соң эки топ бири-бирине суроо узатып, талкуу кылышты. Ошондой эле диндин оң жана терс тараптарын айтышты.

Мектеп окуучуларды андан сырткары Сирияга кетип жаткандардын окуясын чагылдырган бир көрүнүш көрсөтүштү. Окуучулардан кийин эжекелер өздөрүнүн ойлорун билдиришти.

Баары бүткөндөн кийин жалпы тегерек столго катышкан окуучулар, агай-эжелер талкуу жүргүзүштү.
Автор: Таирбек уулу Заир
Сынак үчүн