Ысык-Көл облусунун Тасма айылынын тургуну Жаңыл Чингиспаева айылдын кыз-келиндерине кышкы салаттарды, түрлүү кыям, компотторду даамдуу кылып жасоого үйрөтүү менен көп жылдан бери алектенет.
Ал жашылча-жемиштердин баарын жазында бакчасына олтургузуп, күзүндө жыйнап алып, анан алар менен түрдүү салаттарды үйүнө да жасайт.
Жаңыл Чингиспаева бул салат, кыямдарды студент кызы, шаарда жашаган келиндери дагы алып кетип тураарын, айыл тургундары келип мактап кетип тураарын, үйүнө коноктор келгенде кыжаалат болбой эле дасторконун жайнатып коюп тураарын айтты.

“Мен биринчи огородго помидор, бадыраң, перец, баклажан, капустанын түрлөрүн, анан күзүндө баарын жыйнап алып туруп, түрлүү салаттарды жасап, айылдаштарыма үйрөтөм. Салаттарымды жакшылап, өз нугу менен жапсам, кышкыга эле эмес, бир жылга чейин, кийинки күзгө чейин бузулбай тура берет. Андан тышкары мен салаттарды гана жасоо менен эмес, түрлүү кыям, компотторду да жасайм. Кыямдарымды кумшекер кошпой жасайм. Ага элдер таң калышат, аябай даамдуу болот. Кошуналардын баары үйрөтүңүзчү деп суранышат”, – деди Жаңыл Чингиспаева.
Чингиспаева жолдошу Акжолбек Шаршембиев менен 30 жылдан ашык чогуу жашап келишет.
“Өзү аябай эмгекчил аял баарын жасай алат. Мага ошон үчүн жагат”, — деп айтты Шаршембиев.
Айыл тургуну Миргүл Үкүева Жаңыл эже менен буга чейин чогуу салат жасап жүргөнүн айтты.
“Анан жасагандан кийин бөлүшүп алчубуз. Ал экөөбүз жасаган салат кышкыга сактала турган салат. Дүкөндөрдө да кетчуп деп сатып жатышпайбы, Жаңыл эже мына ошондойдун түрлөрүн андан да даамдуу кылып жасайт, мага жасап берген” – деди айыл тургуну Үкүева.
Даярдаган: Саадат Турдуматова, Актилек Бейшалиев
Сынак үчүн