Кыдырмыш Масылов Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин мугалими болуп 41 жылдан бери эмгектенип келет. Ал эл агартуунун отличниги наамын алып, мектепте директордук милдетти да аркалаган. Учурда ал айылдык кеңештин төрагасы.
Кыдырмыш Масылов 1952-жылы 3-октябрда туулган. Эмгегинин текке кетпегенин, өзүнүн кесиби өзүнө жагаарын билдирет. Агайдан билим алган окуучулар дагы башка мектептердин директор, завуч болуп иштешет.
Ал эми аскердик даярдыктан окуткан окуучуларынын тогузу аскердик окуу жайларда окушат. Алардан ыраазычылык каттар келип турарын айтып өттү.

«Адегенде аскердик башталгыч даярдык сабагын берип, андан кийин тарых сабагын бердим. 1986-жылга чейин Тасма орто мектебинде эмгектендим, 1991-жылга чейин Жыл-Булак орто мектебинде иштедим. 1991-жылдан 1993-жылга чейин Чоң-Тогузбай толук эмес орто мектебинде директор болдум. 1993-жылдан тартып, Тасма орто мектебинде иштей баштагам. Ал учурда Сопиев метебинин директору Сопиев Асан ооруп иштей албай калган. 1993-жылдан 2008-жылга чейин мен директор болуп иштедим. 1990-жылы Кыргыз Республикасынын эл агартуунун отличниги наамын алдым. 2003-жылы кесиптик кошундун отличниги деген наамга ээ болдум. 2008-жылы айылдык билим берүү долбоордун алкагында эң жакшы иш алып баргандыгым үчүн лидер директор деген наам алдым. 2008-жылы директорлукту өткөрүп бердим”, – деди Масылов.
Кыдырмыш Масыловдун өмүрлүк жары Дамира Манаева чогуу жашаганына жарым кылып болуп калса да, бул убакыт аралыгында эч урушпагандыктарын айтат.
“Экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 45 жыл толду. Ошондон бери такыр сен-мен деп жаман сөздөр менен урушкан жокпуз. Үйдөгү жумуштарга жардам берип турат. Аябай боорукер, жакшы, адамгерчиликтүү, балдарды тарбиялаганда дагы өзүнүн кеп-кеңешин айтып, жакшы тарбиялайт”, – деп өз оюн билдирди жубайы.
Кыдырмыш агайдын кесиптеши Ороз Саадабаев 30 жашынан бери эмгектенип келет. Кесиптешин эмгекчил жана китепте жок макал-лакаптары менен насааттарын айтып, калыс, баарына тең караарын айтат.
“Агайдын апасы негизинен аябай жамакчы, жомокчу, макалчы киши эле. Кыдырмыш агайга ошо апасынан калган го. Керек болсо макал менен тарбиялап, керектүү насааттарын айтат. Мектеп үчүн өтө берилип иштейт. Жаштарга дайыма үлгү болот, сабакты абдан мыкты берет. Мына азыр мектепте да, айылдык кеңештин төрагасы да болуп да иштейт”, – дейт кесиптеши Саадабаев.
Даярдаган: Саадат Турдуматова, Актилек Бейшалиев
Сынак үчүн