Базар-Коргон районундагы Узун көчө айылы менен Ортоңку айылын бириктирүүчү көпүрө жараксыз абалда. Жамгыр жааган сайын жер көчүп, жар болуп жатканын айыл тургундары билдиришти.
Узун көчө айылынын тургуну Мирланбек Касымов көпүрө жараксыз, тактайлары чирип калган, ошондуктан ал жерден өтүүдөн да коркушарын айтат. Мурда бул көпүрөнү айыл тургундары өз каражаттарына оңдор тургузушкан дейт ал.

Балдар болсо мектепке баргандан коркушат. Себеби көпүрөдөн өтүп баруу кыйын. Көпүрөнүн тактайлары өтүп бара жатканда кыймылдап, кээ бир жерлеринде тактайлар жок.
«Дүкөнгө да бара албайбыз. Карыялар жана балдар өткөнгө кооптуу. Жаш балдарыбызды өзүбүз өткөрүп келебиз деп айтты», — айыл тургуну Касымов.

Ортоңку айылдын тургуну Назгүл Токтомуратова бала бакчада жетекчи болуп эмгектенет. Жамгыр жааган сайын жер көчүп жар болуп жатат, көпүрөдө басуу ыгайсыз болууда дейт.
«Айыл өкмөттөн эч кандай жардам жок. Көпүрөнүн түгүнөн көп суу агат, көпүрөдөн өтүп жатып кол-бутубузду чыгарып алган да учур болгон», — деп токтолду ал.

«Чекелеринде тосмо жок, балдарыбыз түшүп кетсе өзүбүз жооп беребиз. Бизге жаңы көпүрө курулса эки айыл биригип, балдарыбыз да өзүбүз да кыйналбай калат элек», — деп кошумчалады бала бакчанын жетекчиси Токтомуратова.
Автору: Алина Ысманбекова
Сынак үчүн