Базар-Коргон районуна караштуу Көктонду айылындагы чебер айым Айчүрөк Исмайилова өзүнүн кол өнөрчүлүгүн көрсөттү. Бул өнөр менен ал 10 жашынан бери алектенип келе жатканын айтат.
Айчүрөк Исмайилова чеберчиликти кичине кезинен эле жакшы өздөштүрүп, 3-классында эле килем сокконду үйрөнгөн.
Жаш мезгилинде эле курак курап, көйнөк тигишти билчү. Турмушка чыккандан кийин кайненесинен чеберчиликти толук үйрөнуп, кол өнөрчүлүгүнө ээ болуптур.
«Апам да чеберчиликти жаш кезинен эле билген экен, мен да апамдын жолун жолдоп келе жатам», — дейт ал.
Азыркы мезгилде көбүнчө кыздардын себин тигип, курак курап, сайма сайып, шырдак жасап акча табат.
«Бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм, себеби өзүмө жагат. Кесибимди жакшы көргөндүктөн кызыгуу менен иштейм. Кыздар келип үйрөнүп кетишет. Баарына жардам бергени даярмын», — деп айтты Исмайилова.
Автору: Алина Ысманбекова
Сынак үчүн