Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында жакырчылыкты жоюу боюнча Нурайым Исакова атайын долбоор менен Тоң районуна барып окуп келип, өзүнүн үйрөнгөндөрүн айылдаштары менен бөлүшүүдө. Долбоорду ФАО уюму каржылап окутууда.
Аталган окуу 3 жылга созулуп, 2017-жылдан баштап ишке аша баштайт. Жаамат уюшулуп 40 адам окуп, ондон топторго бөлүнүп, иштей башташат. Бул долбоорго Швейцария мамлекети жардам берип, айылга бактардын көчөттөрүн, жашылча-жемиштердин үрөндөрүн алып келип, айылга өстүрүшөт. Долбоордун максаттарынын бири — элдерди иш менен камсыз кылуу.

Айыл тургуну Нурайым Исакова долбоордун максаты чоң, айыл ичиндеги көйгөйлөрдү чечип, үй-бүлөлүн, айылдын экономикасын көтөрүү экенин бизге айтты.
“үгүнкү күндө ошол көйгөйлөрдү окуп жатабыз. Айылдагы элдердин жакырчылыгын, жалкоолугун жоюу болуп да эсептелет. Бүгүнкү чогулуштун негизги максаты болсо 8-мартка карата аял менен эркектин тең укуктуулугу боюнча иш алып барып жатам. Азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Азыр биз биринчи баскычын окуп жатабыз, 40 адам иштейт, баардыгы тең аялдар”, – деп билдирди Нурайым Исакова.

Айыл тургуну Зинат Өмүрова бул долбоор өз ара жардамдашуу тобу болуп да эсептелээрин жана аягында иштей алгандар эле калаарын айтты.
“Долбоорубуз 2017-жылы ишке ашат, ага чейин даярданып, электен өтүп, чыдагандар калат экен. Алдыга койгон ойлорубуз жакшы. Азырынча биз үйрөнүп жатабыз, бизге Швейцария мамлекети жардам берет экен, ошол жактан айылда өсө турган жашылча-жемиш, жүгөрү, кызылча, буудайдын жакшы сортторун алып келишет. Андан сырткары мал-чарбачылыгы боюнча тоют базасын түзүп, мал бакканды үйрөтүп жатышат”, – деди Өмүрова.
Айыл тургуну Кенжегүл Кикеева бул долбоордун максаты чоң, жакшы жактары көп экенин, айыл элине пайдасы абдан чоң экенин билдирди.

“Бул биздин айыл өкмөткө өзүнчө бир долбоор болуп келген экен. Биз муну 21-январдан баштап окуп атабыз. Негизинен бул ФАО уюму бириккен улуттар уюмунун бир мүчөсү болуп эсептелет, бизге ошол жардам берет. Бул ишти башташ үчүн бизге акча керек болгондуктан биз 500 сомдон чыгарып, пайызга берип, аз-аздан болсо да кереги тиет. Үй-бүлөлүк кирешени айылга кандай кирешелерди алса болот экендигин үйрөтөт. Муну үйдө колдонгонго дагы көп пайдасы бар”, – деп өз оюн билдирди Кикеева.
Даярдаган: Саадат Турдуматова
Сынак үчүн