Бул 260 киловаттык трансформатор доолбор алкагында Бишкек шаарынан Бакай-Атага алынып келди. Учурда трансформатор Кырман жааматынын жанында орнотулду.
Эми 60 түтүндөн турган үч көчөнүн тургундары электр жарыгы менен өз алдынча камсыз болуп калышты. Буга чейин алар башка трансформатрга туташып, электр кубаттуулугу жетпей кыйналып жатышканын айтышат.
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Сапаралиев учурда трансформатор ишке киргизиле электигин айтты.
«Бул трансформаторду доолбор алкагында 267 000 миң сомго “ОсОО БакайАта-Энерго” уткан, жана 99 200 сомго монтаж жасап бердик. Учурда трансформатор толук ишке киргизиле элек, бирок 4 көчөгө тартылууда», — деди Сапаралиев.
Келишим боюнча бул трансформаторду айыл өкмөт 8 карагай менен алып келген. Алар трансформаторду 4 күндүн ичинде “ОсОО БакайАта-Энергонун” 4 кызматкерлери менен тургузуп орнотушкан.
Долбоор боюнча ал жерге 80 карагай коюлушу керек, бирок каражатка каршы азырак берилип калган. «45 000ден азыраак каражат берилди. 2016 жылдын бюджетине карата ушул 4 көчөгө карагайлар коюлат», — деп кошумчалады Сапаралиев.
Даярдаган: Нуржигит Жеентаев
Сынак үчүн