Бул жүрүш Терек-Суу айылында биринчи жолу болуп жатат. Анда окуучу балдар ак калпак кийип көчө айланып басышты.
Бул жүрүштун уюштуруучусу мектеп директорунун орун басары Нуржамал Казакбаева төмөнкүлөрдү айтты.
«Биз кыргыз эли болгондуктан кыргыз элинин символикасы катары эсептелет ак калпак. Ак калпак кийип эл алдына чыгып бүгүнкү майрамды билдирели деп жатабыз. Ошондуктан бул жүрүштү уюштурдук. Буйруса мындай жүрүштү жылыга өткөрөлү деп жатабыз», — деди Казакбаева.
Ак калпак кийип жүрүшкө барган 11-класстын окуучусу Рүстөм Жунусов төмөнкүлөрдү билдирди.
«Бүгүн 5-март ак калпак күнү Курама уулу Турусбек мектебинин 11-класстын балдары чогулуп киели деген чечимге келип бүгүн кийип келдик. Айрыкча 11-класстын балдары дайыма калпак кийип жүрөбүз. Кечинде көчөгө чыкканда дагы кийебиз. Бул кызыл винетканы тагынганыбыздын себеби, майрамыӊыздар менен деп жаздырып адамдын моюнунда турса жакшы көрүнөт экен. Бүгүнкү жүрүш жакшы болду элдер жакшы кабыл алышты», — деп токтолду ал.
Ошондой эле булар менен катар 11-класстын окуучусу Кубат Узакбай уулу да жүрүшкө катышкан. Ал калпакты 1-марттан бери кийип келе жатышкандыктарын айтты.
Терек-Суу айылынын тургуну Төрөгазы Сманов окуучулардын ак калпак кийип көчө кыдырып жүргөнүн көрүп сыймыктанганын айтат. «Бүгүнкү майрамыӊызыздар менен ишиӊиздер илгери болсун, тынчылык болсун, дүйнөдөгү жакшылыктарды каалайбыз. Бүгүнкү майрам жакшы өтсүн», — деп айтып өттү Сманов.
Жалпы мектеп мырзаларын куттуктап 6-класстын жана мектептин былтыркы бүтүрүүчүлөрү концерттик программа уюштуруп беришти.
Даярдаган: Адина Байсалбекова
Сынак үчүн