Ушул жылдын сентябрь айынан баштап телефондорду алып келбөө келишимине кол коюла баштаган. Мугалимдер бул келишимге ыраазы болгону менен окуучулар арасында нааразычылык жаратууда. Бул туралу Казыбай Чылабаев жалпы билим берүү орто мектебинин тарбия завучу Нурила Жаныгулова төмөндөгүлөргө токтолду:
“ Себеби уюлдук телефондор окуучулардын окуусунан аласкытып, терс таасирин тийгизүүдө. Азыркы учурда бул буйрука окуучулар баш ийип атат деп толугу менен айта албайбыз, себеби кандайдыр бир деңгээлде жашыруун колдонуп атышат. Эгерде окуучу мекткпке телефон алып келе турган болсо атайын акты менен 20-майга чейин алынып койулат жана токтомдун негизинде атайын штрафтар каралган.Балдардын мектепке уюулдук телефон алып келишинин кесепетинен улам билим деңээли төмөндөп , китеп канадагы китептерди алууга келген окуучулардын саны азайып барат. Бул көйгөйдү чечүүдөгү мугалимдердин салымы чоң жана ушул убака чейин бул көйгөйдү чечүүгө түрдүү ыкмалар колдонулуп келген. Усупов Сыймык 10- классынын окуучусу бул туралуу оюн мындайча билдирди:
“Азыркы учурда баардык эле жаштар телефон колдонуп жатышат, себеби ансыз иш бүтпөйт. Бирок ата-энелерибиз менен мугалимдер ушул келишимге биргелешип кол коюшуптур. Менин оюмча телефондорго өчүк абалында уруксаат берилсе болмок. Бирок мен бул келишимге баш ийүүгө милдеттүүмүн. Себеби мыйзам бул мыйзам. Баары бир деле жашыруун колдонгондор бар.Ушул эле мектептин 8-классынын окуучусу Айдана Асылбекова келишимге каршы эмес экендигин билдирди:
“ Менин ойумча бул туура эле. Себеби окуучулар алаксып оюнун баары телефонунда социялдык тармактарда болууда. Жеке мен өзүм бул келишимге баш ийем.