Бул себептен айыл тургундары жана айдоочулар көптөгөн чыгымга учурап жаткандарын айтышууда.
Бакай-Ата айылынын айдоочулары Мурат Казакбаев жана Дастан Молдобековго бул туурасында пикирин угуу үчүн кайрылдык.
«Бизге бул көчөлөрдүн зыяны көп, кум сээп коюшат, анысы кайра эле бөксөрүп калат. Машиналарын алыс жакка айдап бара албай калган күндөрү да болуп калат», — дейт айдоочулардын бири.
«Оңдолбой жаткан жолдордун көрүнүшү жаман болуп жатат. Канча деген машиналар талкаланып жатат. Ушул жолдордун баары оюлуп жарактан чыгып калган, мындайга мен толугу менен каршымын», — дейт айдоочулардын дагы бири Молдобеков.
Эмне үчүн Бакай-Ата айылындагы жолдор толугу менен оңдолбой жаткандыгын билүү үчүн айыл өкмөт башчысы Кубандык Бердалиевге суроо узатып, «Былтыр биз ички жолдордун бардыгын элдик ашар жолу менен алыбыз жетишинче оңдоп чыкканбыз. Быйыл каражат таза суу маселесине бөлүндү, жол оңдоого каражат бөлүнгөн жок» деген жооп алдык.
Даярдаган Бакай Сапаралиев