Искра айылы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө карайт. Учурда бул айылдын окуучулары, мугалимдери жалпы жашоочуларынын кубанычтары койнуна батпай турган учуру. Себеби, курулушу 25 жылдан бери бүтпөгөн мектептин имараты пайдаланууга берилет.
Мектептин ичинде заманбап типтеги спорттук зал, компьютердик каана уюшулуп, мугалимдер жана окуучулар үчүн мыкты эмеректер, интерактивдүү доска алынып келинди. Белгилей кетсек, буга чейин окуучулар кыйын шарттарда суукта ылай кечип дене-тарбия сабагын өтүшсө, эми тилеген тилектерине жетип олтурушат. Бул жагымдуу окуя бир гана окуучулар үчүн эмес, мугалимдеп үчүн дагы кубанычтуу болду. Манас атындагы орто мектебинин мугалими Канатова Гулмахрам өз сезимдери менен бөлүшө кетти: “Бүгүнкү күнү биз, Манас атындагы орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары, жаны мектептин ачылышына аябай кубанып жаткан учурубуз. Анткени бул мектеп 20 жылдан ашуун убакыт бою коркунучтуу, бузулган абалда болуп келген. Сабактар ар кайсы мекемелерди имаратында өтүлүп, бир топ кыйынчылыктарды туудурган. Мисалы, кааналар тар болгондуктан окуучулар парталарга үчтөн отурууга мажбур болушкан, андан тышкары сабак учурунда бир каанадагы үндөр экинчи каанага кеңири угулуп тоскоолдуктар болуп турган”, деп билдирди мугалими эжеке Канатова Гулмахрам.
Мектептин директору Марипов Тажимураттын айтымында, мектептин расмий ачылышы октябрь айынын башында болот. Ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын президенти Атамбаев Алмазбектин келиши дагы күтүлүүдө. Эл оозунда “Падыша келген жерге кут конот” деп айтылгандай, айыл эли мамлекет башчыбыздын келишин жакшылыкка жоромолдоодо.Даярдаган: Ырысбүбү Жалилова